Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 26-марты №2/1
Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 25-декабрь 1992-жылдагы №17 буйругуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 25-декабрь 1992- жылдагы №17 буйругунда дыйкан чарбаларды уюштуруу жѳнүндѳ жана с Ак- Талаа райондук мамлекеттик архивинин 26.02.2026-жылдагы №01-76/146/2 сандуу кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн №36 №37 катар номериндеги фамилияларынын ѳзүнүн атынын аталышы боюнча
1. 1976-жылы туулган Дѳѳлѳтова Гулжан Бердигуловна – Исакова Гулжан деп
2.1950-жылы туулган Искакова Алтынбюбю-Исакова Алтын деп
аттары толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, атасынын аты,ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ толуктоо киргизилип толукталсын.
2.Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 25-декабрь 1992- жылдагы №17 буйругундагы дыйкан чарба мүчѳлѳрүнүн атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.
3. Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |