Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын
кезексиз XIII -сессиясынын
2025-жылдын 1-октябрындагы №1
Базар-Коргон шаардык кеңешинин 09.09.2025-жылы өткөн кезексиз XII-сессиясында кабыл алынган Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,40 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндөгү №11-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүмүнө, Базар-Коргон шаардык кеңешинин Регламентинин 45-главасынын 3-пунктуна ылайык депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин 09.09.2025-жылы өткөн кезексиз XII-сессиясында кабыл алынган Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,40 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндөгү №11-токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|