Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 7
Жайыл айыл аймагынын 2026 - 2028-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 2026-жылдын 27 февралындагы протоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына ылайык, Жайыл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагынын курамына кирген айылдарда, Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып, жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык, толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык, төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
- Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: « Алексеевка айылына бала бакча куруу»
- Экономикалык багыттын аталышы: «Тоют өсүмдүктөр» (беде, жүгөрү,дан).
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
- Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда,
жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
- Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынысын.
- Экономикалык багыт боюнча, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Бул токтом жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |