Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 26-марты №2/2
Ала-Буга айылдык кеңешинин штаттык санынын чегин, түзүмүн жана расписаниесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө» №81 токтомун аткаруу максатында, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык санынын чеги жана түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ала-Буга айылдык кеңешинин штаттык расписаниеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом менен жооптуу катчы Р. Абдыразаковго тааныштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-
жылдын 10-февралындагы №81 токтому жана Ала-Буга айылдык
кеңешинин сессиясынын протоколу.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |