Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 406-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-марты № 140-т
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясына Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Лена көчөсү, 35а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-02-08-0011-0223, жалпы аянты 1049,5 кв.м № 98 коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин 2-корпусун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын ишин кеңейтүү үчүн 3 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берсин.
2. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүү жана андан ары тейлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
2) жогоруда аталган объектти максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |