Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-февралы № 5
Жеке жана юридикалык жактардан, ишкердик жүргүзүү үчүн арналган имараттардын менчик ээлеринен таштандыларды чогултуу үчүн жыйымдардын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 74, 75-беренелерине жана 76-беренесинин 2-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Жайыл району боюнча Башкармалыгынын 2026-жылдын 20-февралындагы № 01-3-2076 катын карап чыгып жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагынын аймагында чарба жүргүзүү үчүн арналган имараттары бар, жеке жана юридикалык жактарга таштандыларды жыйноо ставкасы ар бир кызматкерге жылына 100 (жүз) сомдон белгиленсин.
2. Төлөө мөөнөтү жана маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жыл сайын 1-апрелге чейин белгиленет.
3. Жайыл айыл аймагынын айыл өкмөтү бул токтомду жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |