Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 26-марты №2/3
Коңорчок айылына “МЕГА” компаниясынын антеннасын орнотуу боюнча
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Коңорчок айылына ЖАК “Альфа Телеком” “МЕГА” компаниясынын байланыш антеннасын орнотуу боюнча депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын административдик чегиндеги Коңорчок айылындагы Айгыр-Жал учаскасындагы №41,258989 чөйрө сызыгындагы жалпы 16 чарчы метр жер аянтына “Мега” компаниясынын байланыш антеннасын орнотууга макулдук берилсин.
2. “МЕГА” компаниясы менен ижара келишим түзүү Ала-Буга муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. Курулуш жумуштары архитектура жана курулуш башкармасынан алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документтеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |