Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 4
Жайыл айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жайыл айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаева жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Жайыл айылдык кеңешинин социалдык, жер маселеси боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |