Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-февраль 2026-жыл №29 17/1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 2-февралындагы №53 жана 2026-жылдын 3-февралындагы №56 тескемелери менен бѳлʏнгѳн максаттуу трансферттерди жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана 2026-жылга Каракол шаарынын тиешелʏʏ мекемелерине бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри К.М.Адиевдин, 2026-жылдын 17-февралындагы №01-17-729 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 2-февралындагы №53 жана 2026-жылдын 3-февралындагы №56 тескемелери менен бѳлʏнгѳн максаттуу трансферттерди жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана 2026-жылга Каракол шаарынын тиешелʏʏ мекемелерине бекитип берʏʏ жѳнʏндѳ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык кенешинин XXIXчакырылышынын кезексиз XVII сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын темир-бетон буюмдар заводун модернизациялоо ʏчʏн- 273 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарына автобустарды сатып алуу ʏчʏн-300 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарынын муниципалдык ишканалар ʏчʏн атайын техникаларды сатып алуу ʏчʏн-329 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарынын А.С.Пушкин атындагы паркты реконструкциялоо ʏчʏн-450 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарынын О.Сейлакунов атындагы борбордук скверди реконструкциялоо ʏчʏн-70 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарынынТарыхый-аймак таануу музейин реконструкциялоо ʏчʏн-159 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
Тѳраганын орун басары Б.Ш. Курманов