Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
26-март 2026-жыл №29-19/2
Каракол шаарында айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин ижарага берʏʏ боюнча жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун,2025-жылдын 25-февралындагы, чыг:№01-17/892, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарында айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин ижарага берʏʏ боюнча жер комиссиясынын иш регламенти бекитилсин. (тиркеме №1)
2. Каракол шаарында айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин ижарага берʏʏ боюнча комиссиянын курамы бекитилсин:
Комиссиянынкурамы:
- Каракол шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянынтѳрагасы;
- Каракол шаардык Кенешининен; (5-депутатан) кем эмес.
- Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы;
- Каракол шаардык финансы башкармалыгынын ѳкʏлʏ;
Комиссиянын катчысы:
- Каракол шаарынын мэриясынын экономика, турак-жай, коммуналдык чарба бѳлʏмʏнʏн адиси (комиссиянын мʏчѳсʏ).
3. Бултоктом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.