Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ ЧОГУЛУШТУН XVIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 17-декабры № 18/2
Кара-Бүргөн айылында жалпы пайдалануудагы жерлерге
түнкү жарык берүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине, 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Коомдук коопсуздук жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана Кара-Бүргөн айылынын аймагын көрктөндүрүү максатында Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айылынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлерге (көчөлөргө, ички жолдорго) түнкү жарык берүүнү уюштурсун.
2. Айыл өкмөтү түнкү жарык берүү тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын жана анын техникалык тейлөөсүн туруктуу негизде уюштурсун.
3.Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылында жалпы пайдалануудагы жерлерге түнкү жарык берүүнү уюштуруудолбоору Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4.Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылында жалпы пайдалануудагы жерлерге түнкү жарык берүүнү уюштуруу долбоорунаөздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 300000 (үч жүз миң ) сом бөлүнүп берилсин.
5.Долбоорлорду Нарын обулусунун “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж. Калмуратовго тапшырылсын.
6.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Б. Кемелов |