Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-майы № 344
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин калыптандыруу, коомчулукту кабарлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосун аныктайт.»;
– 2-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жер мунапысынын объектилерине өзүнүн колдонулушун жайылтат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү маселелерин кароодо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 121 жана 122-пункттар менен толукталсын:
«121. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулуштар бар болгон учурда, жер мунапысынын объектилеринин так тизмегин аныктоо максатында комиссия баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобун аныктайт.
Баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобу деп 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган, бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылган, бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан жер участокторунун жыйындысы эсептелет.
122. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирген бош жер участоктору боюнча арыздарды жана аларга тиркелген документтерди комиссия Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссияга (андан ары – Мамлекеттик комиссия) корутунду алуу үчүн жиберет.
Мамлекеттик комиссия кошумча маалыматтарды талап кылуу зарылдыгы келип чыккан учурларды кошпогондо, материалдарды келип түшүүсүнө жараша, алар катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карайт. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
– жер участогун легалдаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө;