Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 1/1
Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Калмуратовдун
отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2025-жыл ичинде аткарылган иштер туурасында айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Калмуратовдун отчету канааттандыраалдык деп белгиленсин.
2.Айыл аймакты 2026-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
3.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Кемелов |