Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/83
1-Май айылы, Малабек көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Казымбеков Эдил Куанычпековичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык, Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылы, Малабек көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 31-октябрындагы №203 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылы, Малабек көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Казымбеков Эдил Куанычпековичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 31-октябрындагы №203 жер тилкесинин жалпы аянты 2425,0 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |