Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/84
Долбоорго катышуу үчүн каражаттарды бөлүү жана
сметаны бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировдун маалыматын угуп жана талкуулап, айыл аймагынын 2026-жылга түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү планынын негизинде, айыл аймактын социалдык инфраструктурасынын туруктуу өнүгүүсүн жана 2026-жылга карата долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга дем берүүчү “Үлүштүк грант–2026” программасынын алкагындагы төмөнкү долбоорунун сметалары бекитилсин:
1.1. Сокулук айылындагы Сокулук №2 орто мектептин жылытуу системасын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 557 985 (үч миллион беш жүз элүү жети миң тогуз жүз сексен беш ) сом.
Өздүк каражат: 1 067 395 (бир миллион алтымыш жети миң үч жүз токсон беш) сом.
1.2. Асылбаш айылындагы “Биримкул” орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 5 127 682 (беш миллион бир жүз жыйырма жети миң алты жүз сексен эки) сом.
Өздүк каражат: 1 538 304 (бир миллион беш жүз отуз сегиз миң үч жүз төрт) сом.
1.3. Сокулук айылындагы “Татынакай” бала бакчасынын канализация системасын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 6 528 380 (алты миллион беш жүз жыйырма сегиз миң үч жүз сексен) сом.
Өздүк каражат: 1 958 514 (бир миллион тогуз жүз элүү сегиз миң беш жүз он төрт) сом.
2. Сокулук районунун Өнүктүрүү фондунун алкагындагы төмөнкү долбоор бекитилсин:
- Сокулук айылындагы “Татынакай” бала бакчасынын чатырын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 549 636 (үч миллион беш жүз кырк тогуз миң алты жүз отуз алты) сом
Өздүк каражат: 1 064 890 (бир миллион алтымыш төрт миң сегиз жүз токсон) сом.
3. Чүй облусунун Өнүктүрүү фондунун алкагындагы төмөнкү долбоор бекитилсин:
- Бөрүлү айылындагы “Эдельвейс” балдар лагерине глемплинг куруунун (18 даана) жалпы сметалык баасы 20 173 626 (жыйырма миллион бир жүз жетимиш үч миң алты жүз жыйырма алты) сом
Өздүк каражат: 5 000 000 (беш миллион) сом.
4. 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 10 629 103 (он миллион алты жүз жыйырма тогуз миң бир жүз үч) сом өздүк каражаттар каралсын.
5. Аталган долбоорлор колдоодон өткөндөн кийин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Бектемиров Т.Э. аткарууга алсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу милдети Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |