Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/85
“Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Алтаеванын Арал жалпы билим берүү мектебине ат ыйгаруу боюнча маалыматын жана ага тиешелүү материалдарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Арал айылындагы Арал толук эмес орто мектебинин Уставы жаңыртылып “Арал жалпы билим берүү мектеби” деп өзгөргөндүгүнө байланыштуу Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №01-7/46 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Арал айылындагы Арал жалпы билим берүү мектебине Арал айылынын мектебинин негиздөөчүсү, айылда билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адам, өзүнүн иши менен өзү иштеген тармакты же болбосо аймакты узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн жаран, маркум Дүйшөнбек Кубанычбековдун ысымы ыйгарылсын.
3. Билим берүү мекемесине ат ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |