Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 347 токтомуна)
Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартиби (мындан ары – Тартип) аккредитацияланган жактарга коюлуучу талаптарды жана жеке дайындар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарды аккредитациялоо тартибин, ошондой эле аккредитацияланган жактар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча берилүүчү документтин түрүн аныктайт.
2. Аккредитациялоо жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу (мындан ары – Жөнгө салуучу) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Текшерүүлөр Жөнгө салуучу тарабынан аккредитацияланган жактар тарабынан жеке дайындар чөйрөсүндөгү бузуулардын алдын алуу, жеке дайындар субъекттеринин укуктарын камсыз кылуу жана жеке дайындарды иштеп чыгуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
4. Аккредитация аккредитацияланган жактын жөнгө салуу субъекттерин текшерүү жүргүзүү үчүн анын кесиптик квалификациясына жана тажрыйбасына коюлуучу талаптарга ылайык келерин тастыктайт.
5. Ушул Тартипте терминдер төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:
1) аккредитация – жөнгө салуу субъекти тарабынан жүзөгө ашырылуучу жеке дайындарды иштеп чыгуунун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын жеке дайындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына (мындан ары – жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптар) шайкештигин укуктук, уюштуруучулук же техникалык баалоону жүргүзүү үчүн аккредитацияланган жактардын компетенттүүлүгүн Жөнгө салуучу тарабынан таануу жол-жобосу;
2) аккредитацияланган жактар – ушул Тартипке ылайык Жөнгө салуучу тарабынан аккредитацияланган юридикалык жана жеке жактар;
3) аккредитацияланган жак тарабынан текшерүү – жөнгө салуу субъектисинин суроо-талабы боюнча жөнгө салуу субъектисинин жол-жоболорунун жана ишинин жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптарга ылайыктуулугун анын жыйынтыгы боюнча корутунду берүү менен текшерүү;
4) Аккредитацияланган жактардын реестри – Жөнгө салуучу тарабынан аккредитациядан өткөн субъекттердин расмий тизмеси;
5) аккредитациялоо субъекттери – аккредитация алуу үчүн кайрылган юридикалык жана жеке жактар;
6) жөнгө салуу субъекттери – текшерүү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн аккредитацияланган жакка кайрылган жеке жана (же) юридикалык жактар;
7) корутунду – жөнгө салуу субъектисинин ишинин жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыгын камтыган документ, ал түзүлгөн күндөн тартып 1 (бир) календардык жылдын ичинде колдонулат.
Башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген маанилерде колдонулат.
6. Жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укук берүүчү аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
7. Жөнгө салуучу ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пландан тышкаркы же контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүү учурларын кошпогондо, аккредиттелген жак тарабынан берилген корутундунун колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жөнгө салуу субъекттерине текшерүү жүргүзбөйт.
Ушул Тартипте аныкталган тартипте аккредиттелген жактардын реестрине киргизилбеген адамдарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана (же) корутундуларды берүүгө тыюу салынат.
8. Мурда жеке дайындар чөйрөсүндө ушул сыяктуу башка кызматтарды көрсөткөн жөнгө салуу субъектисине мындай кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде юридикалык жактын кызматкерлери тарабынан ушундай кызматтарды көрсөтүү аяктагандан кийин бир жылдын ичинде аккредиттелген адамдарга текшерүү жүргүзүүгө жол берилбейт.
2-глава. Аккредитацияланган жактарга карата талаптар
9. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү укугу боюнча аккредитациялоо аккредитация субъекттери төмөнкүдөй талаптарды аткарган шартта жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык жактар үчүн:
– аккредитациялоо субъектинин укуктук статусунун болушу: Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жак катары каттоо, банкроттук жана (же) жоюу жол-жоболорунун жоктугу, жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптардын бузулушунун жоктугу;
– кесиптик иш тажрыйбасынын болушу: Кыргыз Республикасында жеке дайындар чөйрөсүндө аккредитациялоо субъектинин практикалык иш тажрыйбасы 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде юридикалык консалтинг, же маалыматтык/киберкоопсуздук, же санариптик/МТ-укук, бул чөйрөдө ишке ашырылган долбоорлордун же консалтингдин тажрыйбасы;
– аккредитациялоо субъектинин штатында квалификациялуу персоналдын болушу: ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келген 3төн (үч) кем эмес адис, алардын ичинен кеминде бирөө жогорку билимге жана маалыматтык технологиялар жана (же) киберкоопсуздук жаатында кесиптик компетенцияга ээ болушу;
– жеке дайындар чөйрөсүндө белгиленген талаптарга жана (же) жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык келген, өзүнүн бекитилген, үзгүлтүксүз жаңыланып турган текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасынын болушу;
2) аккредитациялоо субъектинин персоналы үчүн:
– тиешелүү жогорку билимдин (маалыматтык технологиялар, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү жогорку юридикалык же техникалык билимдин) жана жеке дайындар же киберкоопсуздук чөйрөсүндө кошумча кесиптик даярдыктын болушу;
– жеке дайындар, анын ичинде маалыматтык/киберкоопсуздук же юридикалык консалтинг чөйрөсүндө 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
– репутациялык талаптарга ылайык келүү, тартиптик жазалардын, жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптарды бузуу фактыларынын жоктугу;
3) жеке жактар үчүн:
– тиешелүү жогорку билимдин (жогорку юридикалык жана жогорку техникалык/маалыматтык технологиялар, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү) жана жеке дайындар же киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү кошумча кесиптик даярдыктын болушу;
– жеке дайындар, анын ичинде маалыматтык/киберкоопсуздук же юридикалык консалтинг чөйрөсүндө 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
– репутациялык талаптарга ылайык келүү, тартиптик жазалардын, жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптарды бузуу фактыларынын жоктугу;
– жеке дайындар чөйрөсүндө белгиленген талаптарга жана (же) жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык келген, өз алдынча бекитилген, үзгүлтүксүз жаңыланып турган текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасынын болушу.
10. Аккредитацияланган жактар аккредитациялоонун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жыл сайын, текшерүүлөр жүргүзүлгөн отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, аккредитация үчүн төлөмдү киргизүүгө;
2) жөнгө салуучу субъекттер тарабынан ыктыярдуу негизде гана аккредитацияланган чөйрөдө жана Жөнгө салуучу тарабынан расмий сайтта жарыялануучу ишкердик субъекттерин текшерүү планына кирбеген текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) текшерилип жаткан жөнгө салуу субъектисине текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө корутундуну жана жеке дайындар чөйрөсүндөгү белгиленген талаптардын аныкталган бузууларын (алар аныкталганда) көрсөтүү менен отчетту түзүү жана сунуштар жана оңдоо чаралары менен берүү.
Аккредитацияланган жактар ар бир текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин жөнгө салуу субъектисине корутунду тапшырылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен Жөнгө салуучуга текшерүүнүн (эксперттик баалоонун) натыйжалары жөнүндө корутундуну жана отчетту, аныкталган бузуулар (алар аныкталганда), сунуштар жана оңдоо чаралары менен кошо берүүгө милдеттүү;
4) текшерүүнүн жүрүшүндө жөнгө салуучу субъектисинен алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого жана отчетту жөнгө салуучу субъектисинен жана Жөнгө салуучудан башка эч кимге бербөөгө;
5) кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө;
6) текшерүүлөр жүргүзүлгөн жөнгө салуу субъекттери жөнүндө Жөнгө салуучуга билдирүүгө.
11. Аккредитацияланган жактар аккредитациянын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берүүгө милдеттүү.
3-глава. Аккредитациялоо тартиби
12. Аккредитациялоо Жөнгө салуучуга берилген аккредитациялоо субъектинин белгиленген формадагы арызынын негизинде ишке ашырылат. Жөнгө салуучу тарабынан бекитилген арыз формасы анын расмий сайтына жайгаштырылат.
13. Аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын арызында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
2) аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын жайгашкан жери жана мамлекеттик каттоо номери;
3) салык төлөөчүнүн (аккредитация субъектиси – юридикалык жактын) идентификациялык номери;
4) юридикалык жактын штатында 3төн (үч) кем эмес кызматкери бар экендигин ырастаган документтер же маалыматтар.
14. Аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын жөнгө салуу субъекттерине түздөн-түз текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруучу үчтөн кем эмес кызматкер менен эмгек келишимдери;
2) юридикалык жактын штатында болгон 3төн (үч) кем эмес кызматкеринин тиешелүү чөйрөдө жогорку билими бар экендигин ырастаган дипломдор;
3) юридикалык жактын штатында болгон 3төн (үч) кем эмес кызматкеринин тиешелүү чөйрөдө кошумча кесиптик даярдыгын ырастаган документтер (күбөлүктөр, сертификаттар, дипломдор);
4) юридикалык жактын штатында болгон 3төн (үч) кем эмес кызматкеринин тиешелүү чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес тажрыйбасынын бар экендигин ырастаган документтер же маалыматтар;
5) текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасы;
6) тиешелүү чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар экендигин ырастаган документтер;
7) аккредитациялоо субъектинин – юридикалык жактын уюштуруучулук документтеринин тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
15. Аккредитациялоо субъектинин – жеке жактын арызында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялоо субъектинин – жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
2) аккредитациялоо субъектинин – жеке жактын жайгашкан жери жана мамлекеттик каттоо номери;
3) салык төлөөчүнүн (аккредитациялоо субъектинин – жеке жактын) идентификациялык номери.
16. Аккредитациялоо субъектинин – жеке жактын арызына төмөнкү документтер тиркелет:
1) тиешелүү чөйрөдө жогорку билими бар экендигин ырастаган диплом;
2) тиешелүү чөйрөдө кошумча кесиптик даярдыгын ырастаган документтер (күбөлүктөр, сертификаттар, дипломдор);
3) текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасы;
4) тиешелүү чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар экендигин ырастаган документтер;
17. Аккредитациялоо жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер Жөнгө салуучуга санариптик документ түрүндө жөнөтүлүшү мүмкүн.