Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/86
Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №1093-т токтомуна ылайык «Жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында пайда болгон жабылбай калган чыгымдарды компенсациялоо максатында», Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №201 «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы №10 «2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2026–2027-жылдарга пландуу мезгил жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражаттары субсидия катары багытталсын:
№ | Бөлүм | Статья | 2025-жыл | I | II | III | IV |
1 | 70629 | 2511 | 1428,5 |
|
|
| 1428,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
| 1428,5 |
|
|
| 1428,5 |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик-пландоо комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |