Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/88
Сары-Өзөн айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-2030-жылдарга Сары-Өзөн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтү:
- 2026-2030-жылдарга Сары-Өзөн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын жүрүшү же аткарылышы тууралуу маалыматы берилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн КР Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Т.Джазымкуловго тапшырылсын.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |