Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-апрели № 317-т
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин 1992-жылдын 15-майындагы Аскердик ташууларды аткаруунун принциптери жана тартиби жөнүндө макулдашуунун Молдова Республикасы үчүн колдонулушун токтотуу тууралуу кайрылуусун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 172-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Молдова Республикасынын 1992-жылдын 15-майындагы Аскердик ташууларды аткаруунун принциптери жана тартиби жөнүндө макулдашуудан чыгышына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлама жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |