Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 1/3
Э.Акунова көчөсүнө электр трансформатордук подстанция (ТП) орнотуу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, ошондой эле калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айылынын Акунова Эрмек атындагы көчөсүндөгү №2244 контурундагы жайгашкан 9кв.м жер аянты жайыт жер категориясынан өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которууга макулдук берилсин. (Электр трансформатордук подстанция (ТП) орнотуу үчүн )
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
4.Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Кемелов |