Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/90
Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 Жарлыгын («Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө») жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75 токтому менен бекитилген «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундагы №143 Мыйзамынын 2-беренесинин 8-2-пунктун («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү тууралуу», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тууралуу») эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-тескемесин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 23-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан 2025-жылдын 6-мартында бекитилген №25-2387 иш-чаралар планын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сокулук районунун Сокулук айылындагы Келечек көчөсүнүн жогору жагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын долбооруна байланыштуу локалдык тазалоо курулмасын жайгаштыруу зарылдыгын эске алуу менен, Сары-Өзөн айыл аймагынын аймагында жайгашкан №899 контурдан 1,60 гектар жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары - Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |