Редакцияот 24.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын

VI кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 24-июлу № 32

Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн штатык таблицасын бекитүү жөнүндө

2024-жылдын 23-июлунда өткөн жыйында Арашан айыл өкөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнө башчы алып жана штатын бекитүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

 

1. Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнө башчы болуп Тюмонбаев Эрнис Нузубекович дайындалсын жана айлык акысы штатык таблицага ылый бекитилсин;

2. Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн штатык таблицасы 5 адамдан түзүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.