Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

  2025-жылдын  21-январындагы №4

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

     

              Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын кирешесинин эсебинен өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун ой-пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен, айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда жолугуушулардын жыйынтыгынын негизинде

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:   

      

1.    Сайдыкум айылдык Кеңештин сессиясында түшкөн арыздарды талкуулап, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын кирешесинин эсебинен такталган муктаждыктарды, акча каражаттары тиркемедеги жумуштарга зарылчылыгына жараша жумуштардын, сатып алуучу товарлардын сметалары түзүлүп, мамлекеттик сатып алуулар пландагы жумуштар каржыланып, аткарылсын. (тиркеме катары тиркелет)

 

2.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын кирешесинин эсебинен муктаждыктар каржыланып, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын кирешесинин эсебинен, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аткарыла турган жумуштардын түзүлгөн сметасына ылайык бөлүп берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев