Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 354 токтомуна) Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар 1. Ушул Талаптар патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнологиянын продукттары, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдер (ГМО) менен иштөө жүзөгө ашырылып жаткан потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин (мындан ары – объекттер) физикалык корголушун уюштуруунун аткаруу үчүн милдеттүү тартибин белгилейт. Талаптар объекттерге санкцияланбаган кирүүнү, жоготууну, уурдоону, бошотууну жана мыйзамсыз орун которуштурууну болтурбоого, ошондой эле аларды сактоонун, ички орун которуштуруунун жана ташуунун, анын ичинде заманбап биотехнологиянын продукттарынын талаптагыдай шарттарын камсыз кылууга багытталган чаралар катары колдонулат 2. Объекттер биологиялык агенттердин патогендүүлүгүнө, алардын берүү жөндөмдүүлүгүнө, инциденттин мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттеринин масштабдарына жараша кооптуулук топтору (I, II, III, IV) боюнча классификацияланууга тийиш. Классификациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен методиканын негизинде тобокелдиктерди жана аткарылуучу иштердин тибин (анын ичинде жабык системалардагы жумуштарды) баалоонун натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 3. Ар бир кооптуулук тобу үчүн төмөнкүлөр белгиленет: 1) контролдоо системаларына жана кирүүнү башкарууга карата талаптар (өткөрүү режими, электрондук идентификаторлор, биометрикалык системалар): - I–II: өткөрүү режими + электрондук идентификаторлор; негизги аймактар үчүн биометрия (техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болсо); - III: өткөрүү режими + электрондук идентификаторлор/журналда белгилөө; биометрия талап кылынбайт; - IV: жөнөкөйлөтүлгөн кирүү контролу (кирүүнү чектөө, ачкыч/карта режими же кирүүнү каттоо журналы); 2) Видеобайкоо, күзөт жана кооптуулук сигнализациясы системаларына карата талаптар: - I–II: негизги аймактарга видеобайкоо жүргүзүү + күзөт жана кооптуулук сигналдарынын болуусу милдеттүү; - III: ички коргоо планында аныкталган аймактардын тизмеси боюнча видеобайкоо жүргүзүү жана/же күзөт сигнализациясы; - IV: зарыл болгон учурда – сактоо жайлары үчүн күзөт сигнализациясы; видеобайкоо жүргүзүү милдеттүү эмес; 3) инженердик-техникалык коргоо каражаттарына (тосмолор, бекемделген конструкциялар, сейфтер жана сактоочу жайлар) карата талаптар: - I–II: күчөтүлгөн инженердик-техникалык каражаттар (анын ичинде бекемделген конструкциялар/сактоочу жайлар) милдеттүү; |