Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 354 токтомуна) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Тартип «Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, биологиялык коркунучтардын алдын алуу, аныктоо, баалоо жана жоюу максатында, ошондой эле заманбап биотехнология продукттары менен, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдер (ГМО) менен иштөөдө жана биологиялык агенттерди трансчек аралык өткөрүүдө мамлекеттик коопсуздуктун кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары) жана башка уюмдардын милдеттүү өз ара аракеттенүү механизмин жана жол-жобосун аныктайт. 2. Өз ара аракеттенүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: – ушул Тартип жана анын тиркемелери менен белгиленген жол-жоболорду милдеттүү түрдө жана өз убагында аткаруу; – алдын ала сактануу жана тобокелдиктердин алдын алуу; – маалыматтык ачык-айкындык жана маалыматтарга жеткиликтүүлүк (анын ичинде улуттук маалымат алмашуу түйүнүнө – Biosafety Clearing-House); – чечимдердин илимий негиздүүлүгү; – мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жана өз ара контролу; – эл аралык стандарттарга шайкештик (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ), Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ); – ведомстволор аралык маалымат алмашууда чектелген пайдалануудагы маалыматты жана купуя маалыматты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте заманбап биотехнология продукттары боюнча жол-жоболордун алкагында берилген маалыматтарды коргоо. Өз ара аракеттенүүнүн принциптерин ишке ашыруу ушул Тартиптин жана анын тиркемелеринин жоболору менен камсыздалат. 3. Өз ара аракеттенүү эки режимде жүзөгө ашырылат: 1) күнүмдүк иш режими – маалыматтарды пландуу алмашуу, профилактикалык жана контролдук иш-чараларды координациялоо; |