Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрелиндеги №1
«Сайдыкум айыл аймагынын жер мунапысына дал келген жер аянттарынын өлчөмдөрүн (аянтын) бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону” бекитүү тууралуу № 291 Токтомуна ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-апрель №10-6/824 сандуу катына негиз, Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынан 2019-жылга чейин “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которулган жер аянттарына даярдалган башкы пландарда макулдашылган бир жер участоктун өлчөмү 1200,0 чарчы метрге чейин болуп эсептелсин.
2. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |