Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/95
Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз РеспубликасынынЖер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, ошондой эле, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө:
- Сары-Өзөн айыл аймагында айдоого убактылуу чыгарылбай, эс алууга калган жерлерди (залежные) айыл чарба багытында пайдаланууга өткөрүү, жер ресурстарын эффективдүү колдонуу жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн мөөнөтү бүткөндөрү аныкталсын.
2. Сары-Өзөн айыл аймагындагы мөөнөтү аяктаган, айдоого убактылуу чыгарылбай, эс алууга калган колдонулбаган (залежде) жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына которулсун.
3. Бул токтом массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |