Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрелиндеги №2
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги №281-т тескемесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жаңы админстративдик имаратын курууга республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары бөлүнгөн 48 152 550 сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт катары бөлүнгөн 48 152 550 миң сом акча каражаты кириштелсин.
2. Максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражатын бирдиктүү казыналык эсеп счетуна олтургузуу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |