Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрелиндеги №3
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектебинин предметтик олимпиадага катышкан окуучулардын 50000 (элүү миң) сом акча каражатына өзгөртүү киргизилсин.
2. 2025-жылдын март айында “Жаш лидерлер туруктуу жамаат үчүн” деп аталган долобоордун алкагында Сайдыкум айыл аймагындагы “Кызыл-Ай тынчтык клубу” мүчөлөрү семинар өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаты жергиликтүү бюджетке кайтарылып, жумшалсын.
3. Кошулган планга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |