Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №1
«“Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифин жогорулатып, бекитип берүү жөнүндө»
“Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповдун билдирүүсүн угуп жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясындагы 2023-жылдын 30-майдагы №1-Токтому менен бекитилген таза суу үчүн 1 м3 25 сомдук тариф, бүгүнкү күндө “Сейдикум-Тазалык” ишкансынын өзүн-өзү каржылай албагандыгына жана 2025-жылдын 1-майынан баштап, электр энергиясынын баасы жогорулагандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 1-майынан баштап, таза суу түтүкчөлөрү кирген суу эсептегичи бар ар бир түтүн таза суунун 1 м3=1000 литр суу 30 сомго жогорулатылып, ал эми суу эсептегичи жок абоненттерге ар бир кожолука айына 330 сом болуп бекитилсин.
2. Сугат мезгилинде талаа эгиндерин сугарууда, суугарма скважиналарын пайдаланууда электр энергия үчүн, кызмат акы үчүн, оңдоо-түздөө жумуштары үчүн саатына жарандар тарабынан 200 сом өлчөмүндө төлөө жагы бекитилсин.
3. Тазалык үчүн Сайдыкум айыл аймагындагы турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн ар бир кожолука 130 сомдон, ал эми коммерциялык, юридикалык жактар үчүн 350 сом болуп бекитилсин.
4. Таштанды төгүлүүчү жайга таштанды төгүү үчүн ар бир авто унаа жана трактор үчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин.
5. Лабо авто унаасы үчүн- 250 сом;
6. Портер авто унаасы үчүн- 350 сом;
7. Трактор, ГАЗ-53 авто транспорт үчүн- 500 сом.
8. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповго жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |