Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/96
Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын аймагында жайгашкан, жер тилкесине укук белгилөөчү документтери жок төмөндөгү жарандарга Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан берилген жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
№ | Аты жөнү | Долбоордун катталган датасы жана номери | Жалпы аянты | Дареги |
1 | Асранова Ак-Марал Октомовна | 04.11.2025 №212-25 | 3000,0м2 | Төш-Булак айылы К.Шамканова көчөсү-41 |
2 | Давлетбаев Уланбек Бейшенкулович | 04.11.2025 №211-25 | 3000,0м2 | 1-Май айылы Малабек көчөсү-51 |
3 | Босунбаев Алмазбек Тугелович | 31.10.2025 №205-25 | 885,12,м2 | Сокулук айылы Келечек көчөсү-б/н |
4 | Кельдибекова Чинара Молдобековна | 04.11.2025 №209-25 | 2631,0м2 | 1-Май айылы Калык көчөсү-18 |
5 | Иманбаев Замир Кыдырманович | 02.10.2025 №194-25 | 1395,75м2 | Сокулук айылы Свобода көчөсү-85 |
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү тескеме чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |