Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/97
Сары-Өзөн айыл аймагында мурда катталбай жүргөн айыл чарба багытында жерлерди ижарага берүүгө уруксат берүү жана старттык баасын бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан мурда каттоодо болбогон, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча Мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалы тарабынан каттоого алынган айыл чарба багытындагы жерлери боюнча Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 330,79 га айыл чарба багытындагы жерлерин бир жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Ижаранын старттык баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
3. Учурда айдалып, себилип калган жерлер үчүн “Нива” айыл чарба кооперативи (СК) менен түзмө-түз бир жылдык келишими түзүлсүн.
4. Бул токтом массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |