Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №4
«Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылынын тургуну Якубжанова Мавлюдахан Каримжановнанын менчигинде болгон 630,64 чарчы метр жер аянты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-май №10-5/1056 сандуу катына негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылынын тургуну Якубжанова Мавлюдахан Каримжановнанын арызы боюнча, маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Хажир-Абад айылынын тургуну Якубжанова Мавлюдахан Каримжановнанын менчигинде болгон 630,64 чарчы метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу багыты, тийиштүү мекеме ишканалардын оң тараптуу корутундулар алуу менен өндүрүш багытынан турак жай алдында пайдаланууга өзгөртүлсүн.
2. Бул боюнча документ иштерин аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |