Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №6
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айылдарында жана көчөлөрүндө кылмыштуулуктардын жана тартип бузуулардын алдын алуу жөнүндө»
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 81-беренеси. Коомдук жайларда баңги зат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айылдарында жана көчөлөрүндө кылмыштуулуктардын жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында, Сайдыкум айыл аймагынын айылдарындагы жана көчөлөрүндөгү дүкөндөрдө түнкү саат 22.00дөн кийин спирттик ичимдиктери дүкөндөрдө сатылбасын.
2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Сайдыкум айыл аймагынын айылдарындагы жана көчөлөрүндөгү дүкөндөрдө түнкү саат 22.00дөн кийин спирттик ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн ээлерине эскертүүлөрдүү берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө, Сайдыкум айылдык милиция бөлүмчөсүнө жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |