Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №8
«Сайдыкум айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, Сайдыкум айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдети, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Өмурзакова Фатима Өсөровна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтом Сайдыкум айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |