Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 16-июлундагы №3
«Сайдыкум айыл аймагындагы Тойчубек-Чек айылындагы суу коргоо (зонасын) тилкесин 100 метрден 40 метрге түшүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө Мыйзамынын 49-50-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сууну коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” Жобонун 23-пунктуна ылайык жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын 2025-жылдын 17-июлундагы №10-05/1120 сандуу катына негиз, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Үңкүр дарыясынын дамба жээгинен Сайдыкум айыл аймагындагы Тойчубек-Чек айылындагы калктуу конуш аймагынын суу коргоо (зонасы) тилкеси 40 метр деп өзгөртүлүп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |