Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 16-июлундагы №4
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна ысым коюу жөнүндө»
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жаңы-Абад айылындагы №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамаатынын кайрылуусун жана эмгек жамааты менен биргеликте өткөрүлгөн чогулуштун №5-протоколунун негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна ысым ыйгаруу боюнча, №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1978-жылдан баштап, 2024-жылдын 02-декабрга чейин билим берүү тармагында үзгүлтүксүз иштеп, элге кызмат көрсөтүп, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Областтык жана райондук бир нече жолку ардак грамоталардын ээси маркум Сатвалдиева Холисхан Айдаровнанын ысымын коюу маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, Жаңы-Абад айылында жашап өтүп кеткен маркум Сатвалдиева Холисхан Айдаровнанын ысымы бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №14 “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, Сатвалдиева Холисхан Айдаровна ысымын койдуруу боюнча, тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, жазып, орнотуу жагы Сатвалдиева Холисхан Айдаровнанын үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сайдыкум айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, озгочо кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |