Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 16-июлундагы №5
«Сайдыкум айыл аймагындагы №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 50 орундуу тайпа ачуу жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 25 орундуу 1 тайпа ачуу жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Г.Токторбаеванын жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору З.Тиленованын билдирүүлөрүнө негиз, кезекте турган балдардын саны көп болгондуктан, №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 50 орундуу 2 тайпа ачуу жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 25 орундуу 1 тайпа ачуу жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, кезекте турган балдардын саны көп болгондуктан, №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 50 орундуу 2 тайпа жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 25 орундуу 1 тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 25 орундуу 2 тайпа ачууга жана №45“Маржан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 25 орундуу 1 тайпа ачууга талапка жооп бере турган жагын карап чыгып, керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, өзгөчө кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |