Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 16-июлундагы №6
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толуктоолору менен бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын 2025-жылдын 01-июлундагы “151-т тескемесине негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолор киргизилип жаткандыгы тууралуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын өнүктүрүүнүн улуттук программасына негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы толуктоолору менен бекитилсин.
2. Инвестициялык долбоорлорду тартуу, өз убагында иш кагаздарын долбоорлорго сунуштоо жагы Инвестиция тартуу боюнча адиси Э.Аликеевага тапшырылсын.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен иш алып баруу жагы, тийиштүү кызматкерлерге эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |