Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 14-майындагы № 333-т тескемеси менен жактырылган
2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Гана Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери болгон жарандар Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 60 күндүк мезгилдин ичинде 30 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат деп каралган.
Макулдашууну ратификациялоо иштиктүү мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери болгон жарандардын Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору 2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 171-т тескемеси менен жактырылган.