Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №2
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине ысым коюу жөнүндө»
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Хажир-Абад айылынын тургуну Д.Каримованын агасынын атын, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине ысым ыйгарып берүү боюнча кайрылган арызына негиз, көп жылдар бою Базар-Коргон райондук ИИБдө иштеп, айылдын элин эле эмес, район боюнча коомдук уоопсуздукту камсыздап келген, Кыргыз Республикасынын I-даражадагы “Азамат” медалынын ээси, областтык жана райондук бир нече жолку ардак грамоталардын ээси маркум Каримов Бактияр Дармановичтин ысымын коюу берүү боюнча Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине, Хажир-Абад айылында жашап өтүп кеткен маркум Каримов Бактияр Дармановичтин ысымы бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине, Каримов Бактияр Дармановичтин ысымын Хажир-Абад айылындагы №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине ысымын койдуруу боюнча, тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, жазып, орнотуу жагы Каримов Бактиярдын үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |