Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №3
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы жаңы курулуп,
колдонууга берилип жаткан бала бакчага ысым ыйгаруу жөнүндө»
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы жаңы курулуп, колдонууга берилип жаткан бала бакчага ысым ыйгаруу боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолодошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы жаңы курулуп, колдонууга берилип жаткан бала бакчага “Өлмөскан Атабекова” деп ысымы ыйгарылып, бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы жаңы курулуп, колдонууга берилип жаткан бала бакчага “Өлмөскан Атабекова” ысымын бала бакчага жазып орнотуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |