Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №5
«Ассанабил кайрымдуулук фондунун Жалал-Абад областы боюнча курулуш көзөмөлдөөчүсү Нусубалиев Кеңешбек Азимжановичке “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу жөнүндө»
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Т.Муктаровдун сунушуна негиз, Ассанабил кайрымдуулук фондунун Жалал-Абад областы боюнча курулуш көзөмөлдөөчүсү Нусубалиев Кеңешбек Азимжановичке “Ардактуу атуул” наам берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылындагы медресенин курулушуна көмөк көрсөткөндүгү айыл аймактын өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жаткан, Ассанабил кайрымдуулук фондунун Жалал-Абад областы боюнча курулуш көзөмөлдөөчүсү Нусубалиев Кеңешбек Азимжановичке Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн, төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага |
Б.А.Анарбаев |