САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №6
«Тынчтык жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 Мыйзамынын негизинде, “Тынчтык жөнүндө” жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголуу боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 Мыйзамынын негизинде, “Тынчтык жөнүндө” жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголуу, калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу боюнча, иш алынып барылсын.
2. Ушул Мыйзамдын негизинде, Сайдыкум айылдык Кеңештин жер жерлеринде шайланган депутаттары, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл башчылары, дин өкүлдөрү, көчө комитеттери жана айылдарга бөлүнгөн участкалык инспекторлорго иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн
башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |