Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №7
«Сайдыкум айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Сайдыкум айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Сайдыкум айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана резервдери түзүлсүн.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |