Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 14-августундагы №9
«Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылындагы Т.Закиров көчөсүндөгү намазкананы жана Кызыл-Ай айылындагы К.Алимов көчөсүндөгү мечитти Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерине өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын 2025-жылдын 05-сентябрь № 56871 сандуу катына негиз жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2025-жылдын 2-сентябрь №02/260 сандуу каты боюнча, Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылындагы Т.Закиров көчөсүндөгү намазкананы жана Кызыл-Ай айылындагы К.Алимов көчөсүндөгү мечитти Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө, айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолодошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылындагы Т.Закиров көчөсүндөгү намазкананы жана Кызыл-Ай айылындагы К.Алимов көчөсүндөгү мечиттер жер аянты менен Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктин реестрине кабыл алынсын.
2. Каттоого алуу жана тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон филиалына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |