Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 1/6
Кара-Бүргөн айылындагы муниципалдык имаратты толугу менен мектепке чейинки билим берүү уюмунун (бала бакча) пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айылындагы 4-01-04-1001-0166 кодунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги имарат толугу менен мектепке чейинки билим берүү уюмунун (бала бакчанын) пайдалануусуна берилсин.
2. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө имаратты белгиленген тартипте бала бакчанын пайдалануусуна өткөрүп берүү жана тиешелүү каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
5. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Кемелов |