Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 1/7
Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча бөлүм башчы К.А.Мамытасымованын маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагында 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 34503700 сом суммасында, чыгашалар боюнча 30987625 сом суммасында аткарылган маалыматы жактырылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
3.Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттерндирилсин.
Төрага |
Б. Кемелов |