ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IX чакырылыш кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 2
Жалал-Абад шаары боюнча 2022-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу (дем берүүчү) гранттар аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду жактыруу жана үлүштүк каржылоосун макулдашуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №230-токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.11.2021-ж. Чыг.№01-12/940-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы 12-ноябрь 2021-жылдагы жыйынында карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2022-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2022-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жалпы суммасы 19 406 777 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 30% үлүшү 5 822 033 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2022-жылдын жергиликтүү бюджетин түзүүдө жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) сунушталсын.
3. Ушул токтомдун 1-тиркемеси менен бекитилген долбоорду Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү стратегиясына толуктоо катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Орозбаев |